О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество Президент иш сапары менен Таласка келди
Общество

Президент иш сапары менен Таласка келди

09:09, 24 июл 2020 172 просмотров 0 комментариев
IMG

Бүгүн  күнгө бейшемби, 23-июлда  президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Талас облусуна келди.

 Мамлекет башчысы КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев менен бирге облустун ооруканаларында иштеп жаткан медкызматкерлер менен жолугушуп, Талас облусунун элинин саламаттыгын сактап,  көп убакытка чейин ооруну облус чегине киргизбей тургандарды мактап, жылуу пикирин билдирди.

 Президент Талас районундагы Көк-ой айлындагы  учурда бош турган эски оорукананы көрүп чыгып, ал жер реконструкция болоорун айтты. Мурун 160 орундуу медицина борбору оңдолуп түздөлгөндөн кийин 300 орундуу болот. Бул медициналык борбордогу райондук  оорукана Чат-Базар айлына көчүрүлгөндөн бери 2005-жылдан тарта  иштебей, кароосуз калган.

  Президент облус аймагындагы бардык бош калган имараттарды ремонттоп заман талабына ылайык медицина мекемелерине айлантуу керектигин баса белгиледи.

 23-июлга чейин облус боюнча короновирус, өпкө кагын ооруусуна чалдыккандардын саны 840 адам. Бул башка региондорго салыштырмалуу эң төмөн көрсөткүч.

 

М.Сейдикеримова

Tags:
Ваша оценка:   1   1

Оставить комментарий