О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество Медиктерге жагымдуу маанай тартуулаган "Бимед Фарм"
Общество

Медиктерге жагымдуу маанай тартуулаган "Бимед Фарм"

14:42, 05 авг 2020 267 просмотров 0 комментариев
IMG

Учурда медицина кызматкерлеринин эмгеги алтынга тете бааланып жаткан мезгил.  Мекенчил жарандар, коомдук уюмдар, ишканалар медицина кызматкерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатышат.

Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айлындагы  ооруканада жана ъй бүлөлүк медицина борборунда иштеген ак халатчандарга  райондо дарыканлар топтому бар "Бимед Фарм" компаниясы торт жана суусундуктарды таратып жагымдуу маанай тартуулады.

- Дарыканада иштегендер көрүп билип жатышат, кандай оор абалды баштан кечирдик. мына азыр абал  аздап жеңилдей баштады. Бизге көңул буруп, рахмат айткандарга ыраазыбыз. Таң  эрте торт, суусундуктарды берип  бизге сый көрсөтүп жаткан фарм кызматкерлерине рахмат, -деди  Кара-Буура райондук  үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун  директорунун орун басары Лира Шамбетова.

"Бимед Фарм"  компаниясынан берилген  110 даана  торт жана ширелерди аталган компаниянын №36 дарыканасынын жетекчиси  Айпрери Изаева жана башка дарыкана кызматкерлери ак халатчандарга таратып беришти.

- Бул бизге күтүүсүз белек болду, эмгегибизди мамлекет тарабынан да баалап жатышат.  Ушундай компания жеке жактар дагы көп жардам берип колдоо көрсөтүштү-дейт, врачтардын бири Рахиса Качкынбаева.

Максат Кочкорбаев

 

 

 

Tags:
Ваша оценка:   3   1

Оставить комментарий